www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коомчулукта учурда “Белоруссияда экс-президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев Кыргызстанга келип кеткен” деген имиштер чыгып, ал өлкөгө «Кордай» өткөрмө пункту менен келгени айтылууда.

Ал тургай, Англиядагы мүлкү аз келгенсип, Кыргызстандан алган акчасын Белоруссиядагы өндүрүшкө инвистиция кылып келген Максим Бакиев Кыргызстанга эмнеге келди? - деген суроолорду өздөрүнө өздөрү берүүдө.

Айрым “жалданма” серепчилердин айтымында, буга чейин Максим Бакиев, Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев менен жакшы мамиледе болгондугу жазылып, “азыр бардыгы Кыргызстанды кризиске учураткан Максим ким менен жолугууга жана кандай максатта келгени элди ойлондуруп турат”, деген маалыматтар айтыла баштады. 

Кызыгы, Максим Бакиевдин Кыргызстандан чыгып кеткенине 10 жылдан ашса дагы аны "мамлекетти кризиске каптады" деген сөздөр элдин башын айлантса, учурда Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди жок кылуу үчүн атайын батышчыл топтор иштеп жатканы айдан ачык.

Алсак, Максим Бакиевди “кыргыздарды койлор” деген сөзгө таянып ушак-айыңдарга дүрбөлүп келсе, андан кийин мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Кыргызстандын болгон аймагын ылакап менен сүйлөп “кыргыздар мал эле экенсиңер” деп бетке айтканы бар. Ошол учурда Атамбаевге бир ууч аттуу-баштуулар кыңк-мыңк эткени менен төшүн кагып баатыр болгондор унчугада алган эмес.

Эң өкүнүчтүүсү Кыргызстанды сырттан карап турсак элдин ынтымагы кетип, иттей ыркырашып калгандайбыз... Минтип ызылдашып олтурсак чыны менен мамлекетти жоготуп алуу коркунучунда турабыз.

Максим Бакиевден маек ала турган болсок, “Кыргызстанга барбаймын, Садыр Жапаровду тааныбаймын”, деп айтышы толугу менен мүмкүн. Андыктан Максим Бакиевдин сүрөтүн көрүп алып үркө бериштин кажети жок, биз эң алгач мамлекеттүүлүктү сактап калышыбыз керек! Максим Бакиев үчүн Кыргызстандагы майда-барат ушактардын кызыкчылыгы жок. Ал өзү менен өзү, эч качан мамлекеттин жоголуп кетишине кызыкдар эмес! Биз учурдагы мамлекеттин тагдырын коркунучка алып келе жаткан батышчылдардан коркушубуз керек!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости