www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстандын мурдагы өнөр жай министри, ишкер Зайд Саидов күнөөсүн мойнуна алуудан жана президент Эмомали Рахмондон ырайым суроодон баш тартты. Бул тууралуу мурдагы министрдин туугандары билдиришти.
“Түрмөдө ага аткаминерлер келип, күнөөсүн мойнуна алууну жана президенттен кечирим сурап кат жазууну сунушташкан. Бирок, ал жалган айыптоолор менен түрмөгө отурганын айтып, макул болгон эмес”, – деди Саидовдун туугандарынын бири.
Тажик бийлиги бул маалыматты ырастап же төгүндөгөн жок.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 30-октябрда инаугурация аземинен кийин 378 кишиге ырайым берген. Мунапыска кайсы категориядагы кишилер илингени айтылган эмес.
Зайд Саидов 2013-жылы “Жаңы Тажикстан” аттуу жаңы оппозициялык партия түзгөнүн жарыялагандан кийин камакка алынган.
Тажикстанда сот Саидовду каржылык “көз боёмочулук кылган, көп аял алган жана бойго жете элек кыздар менен сексуалдык катнашка барган” деген айып менен 26 жылга түрмөгө кескен.
Кийинчерээк ал “Душанбе Плаза” соода комплексин курууда документтерди бурмалоого жана “Тажикатлас” бирикмесин мыйзамсыз менчиктештирип алууга айыпталып, жаза мөөнөтү 29 жылга узартылган. Сот аны мамлекетке 34 миллион сомони төлөп берүүгө милдеттендирген.
62 жаштагы Зайд Саидов жазасын Вахдат колониясында өтөп жатат. Май айында анын уулу Хайрулло Саидов атасы ооруп жатканын, анда коронавирустун белгилери бар экенин билдирген. Ал тажик бийлигине кайрылып, түрмөдөн жашы 60тан жогору кишилерди бошотууну сураган. Бирок, бийлик бул чакырыкка көңүл бурган эмес.
Булак: NazarNews.kg