www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасына 451 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Мамлекеттик экотехинспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Бишкек шаары боюнча региондор аралык башкармалыгы, Башкы прокуратура менен бекитилген макулдашуу боюнча Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан ЖӨБ (МСУ) органдарын текшерип жатат.

“Бишкекасфальтсервис” ишканасын текшерүү учурунда экологиялык жана техникалык коопсуздук эрежелеринин талаптарын бир катар бузуулар аныкталды. Ага ылайык, текшерүү протоколу түзүлүп 451 миң сом ѳлчѳмүндѳ айып пул салынды", - деп жазылат маалыматта.

Текшерүүнүн жыйынтыгынын негизинде протокол жана текшерүү актысы түзүлдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости