www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2012-жылы 3-октябрда Садыр Жапаров Кумтөргө каршы митинг уюштуруп, анын кызуусу менен Ташиев Ак үйдүн тосмосунан секирип кетет. Ушунун айынан Жапаров, Ташиев, Мамытов үчөө соттолуп кетишет. Аларды азыркы Башкы прокурор  Курманбек Зулушев бошоткон.Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов Зулушевди  Прокуратура кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

 «Урматтуу прокуратура органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын Прокуратура кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Прокуратура органдары мамлекет эгемендикке жетишкен күндөн тартып өлкөдө мыйзамдуулук менен тартиптин сакталышы үчүн кызмат кылып, «мыйзамсыздыктын, коррупциянын жана адилетсиздиктин айынан келип чыккан „кара ниет иштер“ менен элдешкис күрөш жүргүзүп келишет.

Жакында эле болуп өткөн октябрь окуяларынан кийин өлкө оор кырдаалга туш болгон мезгилде укуктук мамлекеттин негиздерин жана кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөдө прокуратура органдарынын орду жана мааниси мурдагыдан да артып барат.

Мындай шартта жарандардын бузулган укуктары менен мамлекеттин кызыкчылыктары канчалык натыйжалуу жана өз убагында корголорунан, терроризм, кылмыштуулук жана коррупция менен канчалык так жана сабаттуу күрөш жүргүзүлөрүнөн, ошондой эле ар бир кызматкердин кесипкөйлүгү менен компромиске барбастыгынан прокуратура органдарынын гана кадыр-баркы эмес, жалпы эле Кыргызстандын келечеги көз каранды.

Сиздер кесиптик салтыңыздарды мындан ары да сактап, өркүндөтүп, мамлекетке, элге жана мыйзамга берилгендик менен ак кызмат өтөй берериңиздерге ишенем.

Сиздерге жана жакындарыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай жана бакубат өмүр каалайм!».

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости