www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын Мобилдик ыкчам бөлүмдөрүнүн башкармалыгынын кызматкерлери ири өлчөмдөгү оор баңгизаттарды Тажикстандан Кыргызстанга алынып келген кезектеги каналга бөгөт коюшту.
Жазык кодексинин 267-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, жакында Ош облусунун Нариман айылынан 1970-жылы туулган М.Ш. аттуу жарандын башкаруусундагы автоунаа токтотулган.
Кызматкерлер кармоо жана кароо жүргүзүү учурунда, сатууга арналган
афганистанда өндүрүлгөн баңгизаттардын партиясын табышкан. Унаага кароо жүргүзүүдө анын отургучунун астынан 5 даана таңгакталган, уксус ангидрид өзгөчө жыттанган зат табылып алынган. Соттук-химиялык изилдөөнүн корутундусуна ылайык, аталган зат жалпы салмагы 5 килограмм 178 граммды түзгөн “героин” баңгизаты экендиги аныкталды.
Аталган кылмышка тиешеси бар башка шектүүлөрдү аныктоо боюнча атайын
тергөө иш-чаралары, ошондой эле сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg