www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Ата Мекен» партиясынын түрмөдөн чыккан лидери Өмүрбек Текебаев азыр анын алдында биринчи кезекте соттон акталып чыгып, юридикалык жана саясий жактан реабилитация болуу иштери турганын билдирди. Жактоочулары менен ушунун үстүнөн иштеп, жеке турмушуна байланыштуу маселелер менен алек болорун кошумчалады. Ушундан улам жакынкы айларда саясатта анча активдүү боло албасын айтып, алдыдагы пландары боюнча буларга токтолду.

-Юридикалык жана саясий жактан реабилитация болгондон кийин мен өлкөдөгү саясий жашоого аралашам. Мен реалдуу саясий күчтөр менен, анын ичинде бийлик менен да кызматташууга даярмын. Ал макулдашуу жана компромисске баруу. Бул татаал процесс. Эгерде маанилүү маселелер боюнча бир пикирге келе албасам мен аны шайлоочуларыма айтам. Өкмөт, парламент жана президент эмнеден ката кетирип жатканын көрсөтөм.

29-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту «Ата Мекен» партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун бөгөт чарасын өзгөртүп, сот залынан бошоткон. Өмүрбек Текебаев менен экс-министр, мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жаран Леонид Маевскийден пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде, 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Жогорку сот 21-августта Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган. Иш райондук сотко кайра кароого жөнөтүлгөн. Кийинки соттук жараян 12-сентябрга белгиленди.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости