www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жерди каттоо үчүн мыйзамсыз сый акы катары автоунаа алганга шектелип Каракол шаардык архитектура башкармалыгынын жетекчиси кармалды. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат тараткан маалыматка ылайык, жергиликтүү жаран пара катары, архитектура башкармалыгынын башчысына “ВАЗ” автоунаасын берген, бирок ортодогу келишимдери боюнча жер тилкеси катталбай же унаа артка кайтарылбагандан улам унаанын ээси арыз жазууга мажбур болгон экен.

Демек, пара берген жана аны алган тараптын да күнөөсү бар экен. Бирок, аталган факт боюнча, азырынча «пара алуу» беренеси менен гана иш козголуп, пара катары берилген унаа атайын токтотуучу жайга киргизилгендиги айтылууда. Ал эми сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Каракол шаардык архитектура башкармалыгынын жетекчиси автоунааны алганы аныкталган.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости