www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов деген «майкөчүктү» жогору жактагылар изги тилек, илгерки үмүт менен жерге - сууга тийгизбей мактап - жактап жатып кызматка алып келишкен эле, бирок бул шүдүңгүт бүткүл элдин ишенимин сындырып, бийликтин үмүтүн актай алган жок.

Жол жана транспорт тармагында кыпындай дагы түшүнүгү жоктугунун айынан иштин ийнедей көзүн да өздөштүрө албады, деген маалыматты "Де-факто" гезити жазып чыккан эле. 

Аталган гезиттин маалыматындай эле Нарын облусунун эли унаа жолунун начардыгынан 5-сентябрда митингге чогулганга аргасыз болушкан.

Жыйынтыгында сездене түшкөн жергиликтүү бийлик 6-сентябрь күнү, Нарын облусунун Ак-Талаа районунда Баетов-Кош-Дөбө унаа жолунун начардыгына нааразы болуп митингге чыккан жергиликтүү тургундар менен транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов жолугушуу өткөргөн.

Жолугушууда министр Жанат Бейшенов жергиликтүү калкка 2019-жылдын планына Ак-Талаа районундагы 8,5 чакырым жол киргенин, кийинки жылы дагы 3 айылдын ички жолдоруна асфальт төшөө иштери улантыла турганын, аны менен бирге 5 же 10 чакырым жолго асфальт төшөтүп берүүнү убада кылган.

Бейшеновдун айткан сөздөрүн жергиликтүү калк азырынча чоң ишеним менен кабыл алды, эми убакытты күтө туралы, эр жигиттин сөзү аткарылабы же жөө жомокко айланабы?

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости