www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

UFCнин жеңил салмак боюнча жаңы чемпиону кытайлык Вейли Чжан Валентина Шевченко менен беттешкиси келгенин дагы билдирди. Ал алгач бразилиялык мушкер Жессика Андрадени жеңер менен эле Шевченко менен беттеште күчүн сынап көрүүнү каалаганын айткан эле.

Кечээ жакында ал Твиттер аркылуу дагы бир жолу мекендешибизди беттешке чакырды. Буга жооп кылып Шевченко: “Урматтуу Вейли, сен чемпион болгонуңа болгону эки күн болду, бирок атак-даңк көзүңдү сокур кылып коюптур. Сен дагы көп мушкерлер менен беттешкенден кийин гана мени менен беттеше аласың. Эгер бул колуңдан келсе, мен сага мүмкүнчүлүк берем”, -деп жазды ал.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости