www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каалаган адамын  каматып салчу Атамбаев өзүнүн мурунку кайниси, Акаевдин «почточусу» Абдил Сегизбаевди алып келип, УКМКны «Аракчеевчиликтен» ашкан жандармерияга айланткан. Ушундай курмандыктардын бири Өмүрбек Текебаев болгон. Бүгүнкү күнү Раиса Атамбаева Текебаевди Атамбаев карматканын унутуп, Айгүл Текебаева менен жолугушуп, сүйлөшүүгө чакырып жатат.

Трайбализмдин нурун Кыргызстанга чачыраткан Акаев бийликке бир гана кайын-журту таластыктар менен жердеши кеминдиктерди ала турган. Анын бийлигинин аягында Жалал-Абадда эмне үчүн эл бийликке каршы чыгып жатат, түшүнгөн да жок. Ошол кездеги Коопсуздук катчысы кеминдик Болот Жанузаков биз баш көтөргөндөрдү жанчабыз деп, ал эмес Ак үйдүн бир бөлмөсүнө элге каршы ок-дары, куралдарды толтурган. Муну 2005-жылы 23-мартта ИИМ министри болуп: «Эми көрсөтөм» деп кекенип турган кеминдик Кеңешбек Дүйшөбаев менен Акаевдин пресс-катчысы кеминдик Абдил Сегизбаевдер гана билген. Ок-дары, куралдар элге каршы атылмак, бирок тагдыр элге жылуу жүзүн көрсөттү. Бийликке жагынып элди ок- дары, куралдар менен тосуп алгысы келгендер элдин колуна түшүп калды. Абдил Сегизбаевге эл биртке ыдык көрсөтүп, токтотуп, кайсы жерде ок-дары, куралдар сакталып турганын билишкен.

 

Атамбаев бийликке келери менен Абдил Сегизбаевдин келечегине жашыл жарык күйдү.Теңизбай менен Сегизбайдын бир туугандыгы, экс-президентке жакын кайни болору, аны тез эле ишенимдүү адамга айланткан. Бийликтеги болгон жылуу-жумшак «креслолор» Абдил Сегизбаевдин жеке менчигиндей сезилип, аягында УКМКны тейлөө бекер берилмек эмес. Көптөгөн күнөөсүз адамдарды ар кандай документ жасап, ар кандай жол менен жездесине жагыш анын биринчи милдети болгон.

Абдил Сегизбаевдин УКМКнын жетекчиси болуп туруп, УКМКда катталбаган (фальшивый) кагазды оперативдүү маалымат деп жездекесине көрсөтүп, Илим Карыпбеков жетекчи болуп турган КТРКдан байма- бай чыгартып, мамлекеттин эң жогорку бийлик бутагы болгон ЖКнын фракция жетекчиси Өмүрбек Текебаевге жалган жалаа жабышы өтө олуттуу, туура эмес жүрүш. Абдил Сегизбаев ал кезде бир гана Текебаевге эмес, көптөгөн саясатчыларга ар кандай «клеймолорду» илип, эми калпы чыгып отурат. Акыркы кезде муну изилдегендер Белизден келген документтер жок экенин иликтеп чыгышты.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости