www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Майя Санду Молдованын жаңы президенти болду

Молдованын экс-премьер министри жана "Действие и солидарность" партиясынын лидери Майя Санду республикада өткөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасында 57,75% добуш алып, жеңишке жетишти. Мындай маалыматты БШК шайлоо участкаларынан 100% протоколдорду иштеп чыккандан кийин билдирди. 

Жекшембиде Молдовада президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өткөн. Молдованын жарандары жакынкы төрт жылга мамлекет башчысын шайлашты. Шайлоонун экинчи айлампасында экинчи мөөнөткө ат салышып жаткан президент Игорь Додон жана экс-премьер-министр, "Действие и солидарность" партиясынын лидери Майа Санду атаандаш болушту.

Молдованын БШКсы шайлоо участкаларындагы бардык протоколдорду иштеп чыкты. Комиссиянын сайтындагы алдын-ала маалыматтарга караганда, Санду президенттик шайлоодо 57,75% добуш менен жеңишке жетти, шайлоочулардын 42,25% Додон үчүн добуш берди. Молдова мыйзамдарына ылайык, президенттик шайлоонун жеңүүчүсү болуп жарактуу добуштардын жарымынан көбүн алган талапкер саналат. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости