www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Румыниянын Пиатра-Нямц шаарындагы COVID-19 менен ооруган адамдарды дарылаган ооруканадан өрт чыгып, анын кесепетинен 10 адам каза болду. Андан сырткары, дагы 10 адам жаракат алды, анын ичинен 7 бейтап оор абалда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, нөөмөттө турган дарыгер бейтаптарды өрттөн куткарууга аракет кылып, денесинин 40 пайызын күйгүзүп алган. Румыниянын ооруканаларында оор күйүк алган бейтаптарды дарылоого медициналык мүмкүнчүлүктөр жетишсиз болгондуктан, жабыркагандар Брюсселдеги Астрид ханышасынын аскердик госпиталына жаткырылды. Жеңил жаракат алгандар Румыниянын Яссы шаарына жеткирилген.

Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги өрт электр тогунун туташуусунан улам келип чыкканын айтууда. Өрт толугу менен өчүрүлдү. Кырсыкка байланыштуу Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости