www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Текебаевдин тегереги, оппозициялык маанайдагы саясатчылар Садык Шер-Нияздын айланасына чогулуп баштагандай туюлат», - деп жазды белгилүү журналист Дайыр Орунбеков бүгүн, 25-ноябрда өзүнүн Facebook баракчасына.
«Саясий күрөштөрдүн болуп турушу мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ушундай кырдаалда саясий фигуралар, лидерлер жаралат.
Убагында Текебаев камакка алынганда "Ата Мекен" партиясынан, тилектеш саясатчылардан суурулуп Шыкмаматовдун жылдызы жанган. Шыкмаматов өз алдынча саясий лидер катары оозго алынып, анын пикири элдин назарына түшкөн. Азыр өз алдынча чоң таасирге ээ.
Азыр дагы Текебаевдин мандаты алынды, мындай кырдаал дагы бир саясий фигураны жаратат.
Бийликке каяша кылып, каршы чыккандар көп, бирок таасири боюнча салмактуусу аз. Бирөө бар, улам сүйлөп, өзүнүн видеолорун кайгылуу музыкалар менен коштоп, монтаждап далалат кылууда. Бирок анын арзан пиары, тайыз денгээли байгеге чабылган тайчалык болуп, күн сайын кадыры азайып кеткени байкалууда.
Учурда, Текебаевдин тегереги, оппозициялык маанайдагы саясатчылар Садык Шер-Нияздын айланасына чогулуп баштагандай туюлат. Ал дагы өзүнүн ойлорун аргументтер менен активдүү билдирип, маалыматтык аянтчаны ээлеп алды.
Оппозициялык маанайдагы биригүүлөргө Садык Шер-Нияз ыңгайлуу фигура. Аны керек болсо эч кимди жактырбаган Адахан Мадумаровдун электораты дагы айрым учурларда колдоп жиберип жатышат.
Парламентаризмди жактаган талапкерлер бириндебей Шер-Ниязга, бийликчил көз караштагы жана Президенттик башкарууну колдогондор Садыр Жапаровго, Канат Исаевдин дагы мүмкүнчүлүктөрүн эске алып, дагы бир тобу Адахан Мадумаровго кошулуп, аягында 4 талапкер калса жакшы болмок.
Анан барынан жаманы, талапкерлердин тарапташтары кызыл чеке болушпай, үгүт ишин майрамдагыдай өткөрсө...», - дейт ал.
Булак: NazarNews.kg