www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Физикалык аралыкты сактоону каалаганыбыз менен жашоодо баары бир социалдык байланыштарга муктажбыз. Бир канча убактан бери уланган пандемияга каршы социалдык аралыкты сактоо чаралары менен байланыш түзүү муктаждыгы технологиянын жардамы менен ишке ашууда. Бул байланыштар көптөгөн академик-окумуштуулардын бүйүрүн кызытып, ушул багытта изилдөө жасоого жол ачты. Аталган изилдөө тууралуу indyturk.com сайты жазды.

Остиндеги Техас университети (UT Austin) берген маалымат боюнча, аталган университетте жасалган жаңы изилдөөдө адамдардын жалпы жонунан электрондук почта, кыска билдирүү сыяктуу жазуу байланыштарын тандаганы менен чалууларга көбүрөөк муктаж болуп, канааттанаары далилденди.

Чикаго университетинен Николас Эпли менен жаңы макаланын орток жазуучусу UT Austin Менеджмент факультетинин маркетинг тармагы боюнча окутуучусу Эмит Кумар жүргүзгөн изилдөөдө телефон чалуу адамдарда тартынуу жаратып, ошого жазышууну тандашаарын, бирок бул ойдун туура эмес экени билинди.

Journal of Experimental Psychology журналы бөлүшкөн маалыматка ылайык, изилдөөчүлөр 200 кишиден эски таанышына электрондук почта же телефон аркылуу кайрадан байланыш куруусун талап кылып, кайсы байланыш түрү кандай натыйжа берерине байкоо жүргүздү.

Катышуучулар телефон чалуу, байланышты дагы да бекемдеерин ойлонушканы менен электрондук почта аркылуу жазууну туура көрүштү. Анткени дароо чалуу бираз ыңгайсыз болоорун айтышты.

Кийинки тажрыйбада катышуучулардан бейтааныш адамдар менен жазышып, видео-чалуу аркылуу сүйлөшүү жана “Көп убакыттан бери каалап жүргөн кыялың барбы? Аны неге ишке ашырган жоксуң? Бирөөнүн жанында ыйлаган абалыңды баяндап бере аласыңбы?” деген сыяктуу жекече суроолорду берүүсү талап кылынды.

Натыйжада, катышуучулар байланыш куруу үчүн алар колдонгон нерселердин мааниге ээ эмес экендигин, чалуу менен да , жазуу аркылуу да байланыш түзүү мүмкүн экенин айтышты. Бирок, изилдөөчү топ бул тажрыйбада сүйлөшүү байланышы жазышууга караганда күчтүү болоорун байкады. Ошол эле мезгилде бири-биринин үнүн угуу адамда башкача сезим калтыраары билинди.

Изилдөөчүлөрдүн көз карашы боюнча үн кандайдыр бир визуалдуу элементсиз эле байланыштын өтө маанилүү бөлүгү болуп эсептелет. Бул тууралуу Эмит Кумар: “Физикалык жакындыкты сактоону каалайбыз, бирок жашоодо баары бир социалдык байланыштарга муктажпыз”, - деди.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости