www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 6-апрелде Ата-Бейитте 2010-жылы 7-аперлед курман болгондорду эскерүү аземи болуп өттү. Эскерүү аземине коомдук ишмерлер, жарандык коомдун өкүлдөрү жана Эмилбек Каптагаев, Жантөрө Сатыбалдиев, Кеңешбек Дүйшөбаев Темир Сариев катышты.
Темир Сариев:
-Урматтуу мекендештер! Бүгүн, Мына бүгүн биз 8-жолу 7-апрелдин астында ушул жерде чогулуп биздин шейит кеткен баатырларыбыз, бир гана Сокулуктан эмес. Азыр, жаракат алып андан кийин каза болуп кеткендер 100дөн ашып кетти. Жаракат алгандар 400-500 болуп жүрөт. Ушуларга таазим этип, шейит кеткендерге арбагына куран окутуп, Кудайдан жакшылыкты тилеп, барган жеринде оо дүйнөдө бейиштен орун алсын деп баарыбыз тилейбиз. Мына ушул жерге жылына келип жүрөбүз. 7-апрель биз үчүн бир четинен эскерүү шейит кеткен баатырларга таазим этүү күнү болсо, экинчиден мамлекеттин келечеги, тарыхтын жаңы барагы ачылган күн катары кабыл алабыз. Тилекке каршы, 7-апрелде үй-бүлөлүк кландык башкаруу системасына каршы жүрүп, желек көтөрүп жүргөн балдар сүрүлүп чыгып, тескерисинче койдун терисин жамынган баатырлар пайда болду. Жакында филормонияда эскерүү күнү болду дейт, ошол жерде оппозициянын башында турган бирөөн дагы чакырган жок. Бул жерге Эмилбек Каптагаев келди. Бул жерге Таластан бир топ күйөрман жигиттер келди. Ар бир райондон чакырдык. Апрель окуясы Таластан башталган. Шерниязов ошол жерге барганда аларга курал колдонуп, эртеси 7-апрелде Бишкекте болду. Бул жерде Сокулуктан бир туугандарым олтурат. Эгерде менин бир туугандарым эртеси аэропорттон камап кеткенден кийин ар бир айылга барбаганда...Мен эч качан жашырынган жокмун. Сиздер менен чогу жеңдик, кландык үй-бүлөнү жок кылыш үчүн. Биз чоң ийгиликтерге жетебиз”, деди Темир Сариев.
Андан сырткары, Темир мырза “эмгек менен баардык нерсеге жетебиз” деп сөз сүйлөп, курман болгондордун үйүнө барып чогу ыйлаганын айтты. Керек болсо Темир мырза, күн сайын Роза апчесин чакырып алып ыйласа жарашат. Былыктарын унутуп калдыбы? Арадан 8 жыл өтсө дагы өнүгүүнүн “ө” тамгасы жок болуп турганын быйтыйган Темике дагы эле түшүнө элек окшойт. Ачуу чындык деп сүйлөмүш болот. Ооба ачуу чындыкты айткысы келет экен, эки тарап тең, тактап айтканда, эл кайдан курал алганын эмнеге бетин табактай кылып айтпайт. Ал тургай, Темир мырза, Атамбаевдин амири менен бийликтин чоң бутактарына олтурду, асфальттын астында калган акчаларды унуттубу? Минтип, эл алдында Темир мырза “аллюминийге” айланганы кандай? Жыйында Алмазбек Атамбаевге кагазга ороп таарынгандай болду. Дегеле Темике, Алмазбек Атамбаевдин күнүнө барып бетинен өөп турса жарашат, болбосо билинип-билинбей калган кылмыштары үчүн Темикен качандарда гана Өмүкенин жанына барыш керек эле.
Эми кашкайган ачуу чындыкты айтып коёлу, айрым колунан “пок” келбеген саткын саясатчыларды Алмазбек Атамбаев саясаттан ыргыта тээп, КСДПчы экс-депутат айткандай Атамбаев айрымдарын “ажжжап” кылды.
Эми Алмазкебиз өзү айткандай “ирик-чириктерин” ээрчите кетсе жакшы болмок. Ау-ууу Алмабек Шаршенович, сөзүңүзгө туруңуз дагы Темир Сариевди, жолдон Роза Отунбаеваны жана башка "күн карама" саясатчыларды унутпай кошо ала кетиңиз...
Булак: NazarNews.kg