www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР президенти Сооронбай Жээнбековго,

КР президентинин алдындагы Коопсуздук кеңешинин

катчысы Д.Сагынбаевге,

УКМКнын төрагасы А.Сегизбаевге

Ачык кат

Б.Исраилова К.Батыровго тиешелүү жерлерди жана имаратгы, таразаны, бочкаларды мыйзамсыз сатып жатат. Ошондой эле, темир каркастарды, плиталарды сатып жатат. Сарайларды даты жок кылды. Бул аялга шаардык милициянын даты алы жетпей жатат. Мен бийлик өкөлдөрөнө чоү ишеним менен кайрылып жатам. Менин жазгандарымдын баары чындык, фактылар менен далилденген.

Жалал-Абад областынын прокурорунун мурунку орун басары Н.Дарданов, арыз ээси Анарбай Орозовго берген билдирүү катында, «Равшанбек Турдиахунов менен Бегай Исраилова экөө алдын ала макулдашып, К.Батыровго тиешелүү темир бочкаларды уурдап, 250 000 (эки жүз элүү миң) сомго Шарабидин аттуу металл алуучу адамга сатып жибергендиги аныкталды» деген. Бул айтканым жалган болбос үчүн прокурор Н.Дардановдун билдирүүсүн ушул арызгатиркедим. Р.Турдиахунов
Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө камакка алыньш, убакгылуу камоочу жайда каза болду. Анын өлүмү белгисиз бойдон калды. Мен жогоруда жазып көрсөттүм. Б.Исраилова шаардык жана областгык милициянын тергөөчүлөрү менен тыгыз байланышта болгон үчүн камакка алынбай калды, аны колдогон тергөөчүлөр Р.Турдиахуновдун өлүмүн шылтоо кылып, кылмыш
ишти кыскартып, Б.Исраилованы кылмыш жоопкерчиликтен куткарып жиберишти. Азыркы күндө Б.Исраилова өзүнүн кьшган кылмыш иштерин жалган жалаа менен мага оодара салып кутулуунун аракетин көрүп, тергөөчүлөр менен өз ара сүйлөшүп жатат.

Урматтуу Сооронбай Шарипович! Урматтуу Дамир Сагынбаев! Урматтуу Абдил Сегизбаев!

Сиздер бул ишти катуу көзөмөлгө алмайынча адилеттүү тергөө жүрбөйт. Эгер мени камакка алышса, «заказ» менен мени да Равшанбек Турдиахуновдой кылып өлтүрүп коюшу толук мүмкүн.

Бул кылмыш ишти бир гана Исраилова кыла албайт, булар уюмдашкан топ, мен билгенден Исаков Сыргак жана Калбаев Мурат деген адамдар менен биргеликте. Алардын жерлерди жана имаратгарды, темирлерди, плиталарды уурдап сатып
жеген фактыларын далилдеп берем. Менде далилдүү фактылар бар. Менин коопсуздугумду коргоо үчүн Улуттук мамлекетгик коопсуздук комитетине дайындап коюуцузду суранам!

Сузак райондук соту тарабынан 2015-жылдын 30-октябрында 166-ст. 2-6.3-п. 6 эпизод менен сотголуп, алты жылга эркинен ажыратылып, кылмыш иши эскирип кеткендигине байланыштуу камакка алынбай калган. Бул айтканымды далилдеш үчүн Сузак райондук сотунун өкүмүн ушул арызга тиркедим. Азыркы мен айткан жаңы фактылардын негизинде Б.Исраилованын үстүнөн кылмыш ишин козгоону суранам.

Менин талабым:

1. Б.Исраилова мурун алдамчылык менен соттолуп, алты жылга эркинен ажыратылып, кылмыш иши эскирип кеткенине байланыштуу, камакка алынбай калгандан кийин, ошол эле алдамчылык ишин токтотпой, жер саткандыгын далилдеп берем. Ошол себептүү жаңы фактылар негизинде
кылмыш иш козгоп берүүңүздү суранам!

2. Жалал-Абад областынын мурунку орун басары Н.Дардановдун билдирүү катында көрсөтүлгөн Равшанбек Турдиахунов менен Исраилова экөө алдын ала макулдашып, К.Батыровго тиешелүү темир бочкаларды уурдап, 250 000 миң сомго сатып жибергени аныкталды деген фактынын негизинде Б.Исраиловага кылмыш иш козгоону суранам!

Билдирүү:

Р.Турдиахунов камакта жатып өлгөнүнүн себеби эмнеде? Мунун колдогон кожосу ким? Кол тийбестиги бар депутаттардын деле үстүнөн кылмыш иш козголуп камалып жатат го? Ушундай жабылып калган Б.Исраилованын кылмыш иштерин кайра ачууну суранам!

Булак: Ачык Саясат

Последние новости