www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эгерде сенин бир тууганың президент болсо, анда ЖК депутаты өз мандатын тапшырышы керек деп мыйзамда жазылган эмес. Мына ушундай пикирин Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Рыспаев билдирди.

Ал депутат эл тарабынан шайлана турганын белгиледи.

“Эгерде бир туугандар үй-бүлөлүк-кландык башкаруудагыдай аракетке өтүшкөн болсо, Конституцияга каршы иш жасашса жана өздөрүнүн укуктарынын ашыкча пайдаланышса, анда башка кеп эле. Азыр ар бири өз ишин аткарып жатат. Анын айланасында саясатты кызытуунун кереги жок”, - дейт К. Рыспаев.

Ал эгерде үй-бүлөдө 10 бала болсо жана алар 50-60 жаштарга чыгып калса, анда ар биринде үй-бүлө бар экени жана иштеп табуу керек экени белгилүү. “Ар ким өзү үчүн жооп берет”, - дейт эл өкүлү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости