www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Биздин мыйзамдаштыруу эрежелерибиз, алгач өзүбүздүн улуттук кызыкчылыгыбызга, мамлекеттик коопсуздугубузду эске алуу менен кабыл алынышы керек», - деди бүгүн, 31-мартта NazarNews маалымат агенттигине «Мекен Ынтымагы» партиясынын лидери Темирбек Асанбеков.

- Темирбек мырза, коронавируска каршы эмдөөдөн биринчи кимдер өтүшү керек? Анткени, «элден мурун чиновниктер вакцина алсын» дегендер чыгып жатат го?

- Эмдөөдөн эң биринчи медицина, коопсуздукту коргоо, билим берүү тармагында иштеген кызматкерлер өтүшү керек. Анткени, алар элдин жоон катмарында маанилүү иштерди алдыңкы катарда алып барышат.

- Айтмакчы, Конституция референдумга коюлат дегенден бери Венециялык комиссиянын корутундусун мисалга алгандар чыкты. Венециялык комиссиянын корутундусун эске алышыбыз керекпи?

- Биздин мыйзамдаштыруу эрежелерибиз, алгач өзүбүздүн улуттук кызыкчылыгыбызга, мамлекеттик коопсуздугубузду эске алуу менен кабыл алынышы керек. Андан кийин башка сунуштарды эске алсак болот. Анткени, бул мыйзам менен башкалар эмес, биз жашайбыз.

- Коопсуз шаар долбоорундагы айып пулдарды азайтыш керекпи? Анткени, азыр элдин нааразычылыгын жаратып, кымбатчылыкта аталган долбоор элдин жонунан кайыш тилгенге барабар болуп жатканын айтышууда...

- Коопсуз шаар долбоору терең изилденбей, биздин жарандардын социалдык-экономикалык кырдаалы, өлкөбүздүн инфраструктуралык шарттары эске алынбай эле шашылыш кабыл алынып калган. Ошон үчүн кайра карап, элдин абалын эске алып, айып пулдарды азайтышыбыз керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости