www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги “Мекен Ынтымагы” партиясынын төрагасы Темирбек Асанбеков менен шайлоо босогосун аныктаган пайыздар жана Манастын аты ичимдиктер менен коомдук жайларга коюлбасын деген мыйзам тууралуу сүйлөштүк.

--Темирбек мырза, шайлоо босогосу канча пайыз болсо, чыныгы атаандаштыкка жол ачылат?

--Кыргызстанда мамлекеттик баалуулуктарды коргоо максатында саясый шайлоо процесстерине даярдануу өтө төмөн деңгээлде. Чыныгы саясый партияны түптөөгө, пикирлеш адамдарга тарбия берүүгө, саясый билимин жогорулатууга көп убакыт жана оор эмгек талап кылынат. Бизде партиялар андай сапаттуу уюштуруу  иштерин жүргүзүшпөйт. Шайлоо болоордо жеке кызыкчылыктарын көздөгөн ар түрдүү майда топтор бириге калышып, жердешчилик, тууганчылык , добуштарды сатып алуу ыкмалары менен шайлоого аттанышат. Бул багытта бөлүнүп кете берсек эзели кыргыз элинин башы бирикпейт . Ошондуктан, саясый күчтөрдүн салмагы, биригүү сапаты жогору болуу үчүн шайлоо босогосу 9 пайыз бойдон калганы туура.

--Неге мөөнөтү аяктарга жакын парламенттеги депутаттар кайым айтышып, активдүү болуп кетишти?

--Эми бул депутаттардын популисттик саясый амалдары баарыбызга эле түшүнүктүү болуп турат. Парламенттик трибунаны максималдуу колдонушуп, жакындап келе жаткан шайлоого өздөрүн эл үчүн күйүп-бышкан чынчыл адам катары көрсөтүүгө жанталашып жатышат.

--Эмне үчүн депутаттардын спикерге сыны көбөйдү?

--Депутаттар спикердин жөндөмүн,  мүмкүнчүлүгүн  ич ара жакшы эле билишет. Азыркы мамлекеттеги оор саясый экономикалык кырдаалга байланыштуу жалпы коом арасында нааразычылыктар өсүп баратат. Ошондуктан, жогорку бийлик бутактарынын жетекчилерин алмаштыруу саясый чечимдер кабыл алынып калышы да мүмкүн. Мына ушул себептерден спикерди, премьерди алмаштырууга умтулган саясый тирешүүлөр ич ара жүрүп жатат.

--Парламентте Манастын ысымы менен соода жайларын, ичимдиктерди атоого тыюу салуу боюнча мыйзам сунушталды. Бул мыйзам Манас атабыздын атын чактап колдонууга, аяр мамиле кылууга шарт түзөбү?

--Мамлекеттин атын энчилеп алып, партиясын "Кыргызстан" деп аташып, баарыбызды шылдың кылып парламентте отурушса, ошону көрбөй ичимдикке, коомдук жайларга Манастын атын коюп алды деп, чычалаган адамдарга таң калам. Кытай, Германия, Англия, Япония деген партияларды ошол өлкөлөрдө көрдүңөр беле? Бул өлкөлөрдө эч качан мамлекеттүүлүктүн аброюна шек келтирген саясий иштерге жол берилбейт. Бизде түп тамыры менен мамлекетти өнүктүрүү саясый концепциясы өзгөрбөсө, Кыргызстан оңолбойт. Манастын атын чактап колдонолу, аяр мамиле кылалы дегенибиз да мааниге ээ болбой калат.

Булак: NazarNews.org

Последние новости