www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Сенаты Кытайды уйгур мусулмандарынын азчылыктарынын укуктарын бузгандыгы үчүн санкциялоо жөнүндөгү мыйзамды бир добуштан колдошту.

Бул мыйзам сенатор Марко Рубио тарабынан сунушталган. Мыйзамда Кытайдын бир миллиондон ашык уйгурдун Синьцзян аймагындагы лагерлерге жайгаштыруу саясаты айыпталганын жана ал лагерлерди жабуу талап кылынганы маалымдалды.

Сенатор Марко Рубио: “Кытай өкмөтүнүн иш-аракеттери "коркунучтуу жана эгер биз ага каршы баруудан баш тартсак, адамзат үчүн маскарачылык болот", - деди.

Эске сала кетсек, АКШнын Сенаты бул мыйзам долбоорун биринчи жолу сентябрь айында кабыл алган. Бирок Өкүлдөр палатасы бул ишти кылган топтун мүчөлөрүнө жана башка Кытай жарандарына, байланышты же алардын кыймылын чектөө үчүн шаймандарды экспорттоого тыюу салуу максатында мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө аракет кылышкан.

Булак: NazarNews.org

Последние новости