www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 15-майда түрк ишкери, Бишкектеги Калык Акиев 72/1 дарегинде жайгашкан “Таксим – бир туугандар” кафесинин ижарачысы Али Ифлазоглу борбор калаанын муниципалитетине кайрылып, бизнесин демонтаждан сактап калууну суранган. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, бизнесмендердин ортосундагы талаш-тартыш “Таксим” кафесинин 0,01 жер тилкеси үчүн болуп жатат. Анын юридикалык ээси болуп Ч. Султанбекова эсептелет, жер тилке 2011-жылдын 17-июнундагы токтому менен 5 жылга ижарага берилген. Кафенин иши жүрүп, кийинчерээк ага 0.0393 гектар жер аянты да ижарага берилген.

Бирок, аталган кафеге уруксатсыз эле, жалпы аянты 11 сотых болгон металл конструкциялардан жасалган эки кабаттуу жаңы имарат кошулган. 11 сотыхтын ичинен 6сы муниципалдык менчик болуп саналат.

Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы Ленин райондук прокуратурасынын көрсөтмөсүнө ылайык, муниципалдык аймакка мыйзамсыз курулган кафенин бир бөлүгүн буздурган.

“Муниципалдык аймакты басып алууга жол берилбейт, бардык тартип бузгандар жоопко тартылышат” – дейт шаардык мэрия.

Бишкек шаарындагы Мамлекеттик экологиялык инспекция мыйзамсыз эки кабаттуу имаратты бузуу боюнча сотко кайрылган.

Учурда Бишкектин Ленин райондук соту Мамлекеттик экологиялык инспекциянын Султанбековага карата жазган арызы каралып жатат.

Шаардык мэрдин биринчи орун басары менен жолугушууда түркиялык ишкер жердин ижара акысын жана башка салымдардын Ч.Султанбекова өз убагында төлөп бергенин жана имарат мыйзамсыз курулгандыгын билбегенин айткан.

“Бул окуя жарандык тартипте чечилиши керек. Бишкек шаардык мэриясы бардык жарандарды колдойт, бирок ишкерлердин жарандык талаш-тартыштарына кийлигишүүгө акысы жок. КРнын мыйзамдарын сактоого суранабыз” – деп айтылат маалыматта.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости