www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте карантинге алынган айрым тургундар коронавируска анализ тапшыруудан баш тартып жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда Бишкек шаарыны вице-мэри Татьяна Кузнецова өкмөттүк онлайн-жыйында билдирди.
Анын айтымында, Бишкекте үй карантининдеги адамдардын ден-соолугун көзөмөлдөөчү 20 мобилдик топ иштейт.
“Мобилдик бригадалар 110 очокто, калктуу конуштарда, шаардын борбордук бөлүгүндө жана кичи райондордо изилдөө иштерин жүргүзүп жатышат. 16-майга карата 400 короо текшерилип, 961 адам экспресс-тесттен өтүшкөн, бардык тесттин жыйынтыгы терс болду” – деп билдирди Татьяна Кузнецова.
Ал ошондой эле, жарандар коронавирустук инфекцияга тестирлөөдөн өтүүдөн баш тартып жатышканын белгиледи.
“Бригадалар иштегенден бери 113 үйдүн жашоочулары анализ тапшыруудан баш тарткан. Ал эми 99 үйдүн эшиги бек болгон” – деп кошумчалады вице-мэр.
Булак: NazarNews.kg