www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Акнет”  компаниясынын мурдагы башчысы абакта жаткан Кубан Ажимудиновдун саламаттыгы начарлап, госпиталга жаткырылды. Бул тууралуу анын жактоочусу Светлана Аванова журналисттерге билдирди.

Ал белгилегендей, буга чейин анын саламаттыгы кант диабетинин өтүшүп кеткенинен улам начарлап жатканы боюнча сотко бир канча ирет сураныч келтирилген. Бирок Биринчи Май райсотунун судьясы Адылбек Эсенбаев аны госпиталга жаткырууга каршы чечим чыгарган.

“Буга чейин тергөө менин кардарыма соттук-медициналык экзпертиза дайындап, анда анын бир канча өтүшкөн оорулары бар экенин аныктаган. Алар оорунун оор түрүнө кирип, камакта дарыланууга мүмкүн эмес болчу. Бирок соттон анын ооруканада дарылануусуна каршы чечим чыккан. Азыр К. Ажимудиновдун кант диабетинен улам буттарынын манжалары карарып кеткен. Ошондуктан аны госпиталга жаткырууга аргасыз болдук”,-деди анын жактоочусу.

Эске сала кетсек, “ Акнет” компаниясына Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматы бир канча берене менен былтыр кылмыш ишин козгогон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости