www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Темирлан Ормуков:

Темирлан Ормуков оңою менен элдин алы келбеген Өмүрбек Текебаевди сотко берип, утуп алганы менен акыркы убакта эл оозунан түшпөй келет.

Ошол эле учурда, узун убакыттан бери депутат Дастан Бекешев менен “бычак кайрабас” душмандар экени да белгилүү. Убагында экөө тең соттошуп, чуу чыгарып, бири-бирине көө шыбап тажабай келишкен.

Садыр Жапаров боштондукка чыкканда Дастан Бекешев ага каршы чыгып, легитимдүүлүк талап кылып чыккан адамдардын баш сабында эле. Ага карабастан, бир нече күн мурда Бекешев Садыр Жапаров менен жолугушуп, депутат президенттикке талапкер тууралуу жылуу сөздөрүн айтып, ага колдоосун көрсөтүп чыккан.

“Бекешевдин бети жок экен! Ушунчалык эки жүздүү адамды өмүрүмдө көргөн эмесмин. Атамбаевдин убагында аны жактап, кеткенден кийин Жээнбековго жагынып, эми Жапаров калганбы? Кыязы, Бекешевдин максаты Жапаровдун колдоосу менен кийинки парламентке өтүп кетүү окшойт.

Убагында “Ар-намыс” партиясында жүрүп, алардан “СДПК”га кетип калды эле. Ал жерден чыгып алып, “Реформага” өтөм дегенде Сооронкулова менен тытышып жүрүп Бекешевди кубалагам. Эми Жапаровго жагынып алгандан кийин, кийинки парламентке өтөбү жокпу байкайбыз да”,- дейт активист Ормуков.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости