www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Армения менен Азербайжан туткундарды алмашат

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян туткундарды "бардыгын бардыгына" форматында алмашуу тизмеси Армения менен Азербайжандын ортосунда макулдашуу болгонун билдирди.

"Эң маанилүү тапшырма - туткундарды кайтарып берүү. Бул жерде бир аз жылыштар бар экендигин айткым келет. Чындыгында, "бардыгын бардыгына" деп алмашуу принциби", - деди Пашинян мекендештерге кайрылып жатып.

Анын айтымында, маселе Карабактагы эскалация учурунда жана ага чейин колго түшкөндөргө дагы тиешелүү.

Ал дагы бир көйгөй катары - дайынсыз жоголгондорду издөөнү атады.  Пашиняндын айтымында, 9-ноябрдан бери жаңжал чыккан аймактан каза болгон аскер кызматкерлеринин 600дөн ашуун сөөгү чыгарылды, 500 адамдын сөөгү идентификациялоо стадиясында.  Өкмөт башчы бул жоголгон мекендештерибиздин сөөгү болушу ыктымалдыгы жогору деди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости