www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясатчы Темирлан Султанбеков 7-декабрда “Саясий коктейль” программасында конституциялык реформаны колдой тургандыгын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүнкү жыйында билдирди.

“Конституциялык реформаны мен колдойм. Парламенттик десе парламенттик системага өтөлү, президенттик десе президенттик системага өтөлү. Мага баары бир. Бирок мен парламенттикти көбүрөөк колдойм.

Бирок, Кыргызстанда классикалык формада парламенттик же президенттик башкаруу болгон эмес. Бизде башаламандык эле болгон”, – деди Темирлан Султанбеков.

Программанын алып баруучусу Султанбековдон “Жапаровго мурдагы президенттин электораты керек болуп жатабы, алдыдагы шайлоодо Жапаров менен Атамбаев биригеби? деген суроо узатты.

“Мен аны билбейм. Алмазбек Шаршенович кандай ойлойт, кандай чечим кабыл аларын билбейм. Бирок баары мүмкүн. Менин билишимче, Алмазбек Атамбаев Садыр Жапаров менен башка Жапаровдор менен тыгыз байланышта.

Алар Атамбаев экс-президент болгондон кийин бир эмес, бир нече жолу сүйлөшкөн. Менин маалыматым боюнча, Садыр Жапаров Атамбаев менен түрмөдө отурганда кезде деле байланышып турчу. Демек, мындай болушу мүмкүн», – деп жооп берди ал.

Эске салсак, буга чейин Султанбеков Садыр Жапаровдун өкмөтүндө иштөөдөн баш тарткан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости