www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-спикер жана Жогорку Кеңештин депутаты Дастанбек Жумабеков Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган менен Россиянын президенти Владимир Путинге Азербайжан менен Армениянын ортосундагы жаңжалды жөнгө салууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 10-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

Жумабеков, өлкөлөр ортосундагы жаңжал учурунда курман болгондордун баарына көңүл айтты.

“Түшүнбөстүктөрдү чечүүдө Түркия президенти Реджеп Тайип Эрдоганга жана Россияга өзгөчө рахмат, анткени алар кырдаалды өз көзөмөлүнө алып, чыр-чатакты жөнгө салууга чоң салым кошушту. Азербайжанды тарыхый жерине кайтып келиши менен куттуктайм”, – деди ал.

Экс-спикер ошондой эле “тарыхта Тоолуу Карабак Азербайжанга таандык деп айтылган” деп кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости