www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары "Кыргызстандын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өткөрүү тууралуу" мыйзам долбоорунун бүгүн экинчи окууда каралышына каршы болууда.

Депутат Өмүрбек Текебаевдин айтымында, регламенттин 55-беренесине ылайык, ар бир окуунун ортосунда 10 күндүк убакыт өтүшү керек.

"Референдумду жарыялоо боюнча мыйзам долбоорун бүгүн караганыбыз туура эмес. Ар бир окуунун ортосунан 10 күн өтүшү керек. Албетте, кыска убакытта, үч окуудан өткөрүп ийчү маселелер бар. Мисалы, мыйзам Конституцияга каршы келсе, жаңы мыйзамга башка мыйзамдар каршы болуп калса, техникалык ката кетсе, орусчасы менен кыргызчасында айырма болуп калса жана эл аралык кредиттик макулдашууларды ратификациялоо боюнча. Калган учурда бул мыйзам бузуу болуп эсептелип, кийин төрага жооп берип калат", — деди Текебаев.

Анын дооматын кесиптеши Наталья Никитенко дагы колдоду.

"Бул долбоор биринчи окуудан дагы регламентти бузуп өтүп кетти. Экинчи жолу мындай болушуна жол бербешибиз керек. Депутаттар добушу үчүн жооп бербейт деп ойлоп жатабыз, бирок жооп берүүгө убакыт келет. Бул мыйзамсыз иш", — деди эл өкүлү.

Эске салсак, кечээ, 9-декабрда, Жогорку Кеңеш "Кыргызстандын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өткөрүү тууралуу" мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырган. 

Белгилей кетсек, референдумду президенттик шайлоо менен катар 10-январда өткөрүү сунушталып жатат. Анда кыргызстандыктар президенттик же парламенттик башкаруу системасын тандашы керек болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости