www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фермерлер менен дыйкандарга кызматкер болуп беришибиз керек. Мындай пикирди Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев билдирди. Бул тууралуу ал жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде айтты.

Анын айтымында, аталган тармакта иштегендердин бир гана максаты бар ал – дыйкандар үчүн ыңгайлуу болгон бардык шарттарды түзүп берүү.

«Айыл чарба министрлиги буга чейин саясатты жүргүзгөн эмес. Бул тармак өлкөдөгү болуп жаткан процесстер боюнча жөн эле маалымат топтоочу болуп келген. Азыркы учурда министрлик саясатты баштап, көптөгөн стратегиялык иштер менен кошо ички структураны өзгөртүүгө киришти.

Биз Жогорку Кеңештен же Өкмөттөн, президенттин аппаратынан көз каранды болбой, тескерисинче дыйкандар менен фермерлердин маселесин чечип, алардын эмгеги аркылуу мамлекетке пайда алып келүүнүн жолун издешибиз керек. Бийлик үчүн эмес, дыйкандар үчүн кызмат кылабыз. Фермерлер менен дыйкандар товарларын сатууда тоскоолдуктарга учурабашы үчүн маселени убагында чечүүгө аракет кылып жатабыз азыркы тапта.

Буйруса айыл чарба тармагында көптөгөн өзгөрүүлөр болот», - дейт министр.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости