www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

6-январда КР Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов Нови-Сад шаарында (Серб Республикасы) өткөн самбо боюнча дүйнөлүк чемпионатта байгелүү орундарды ээлеген улуттук курама команданын мүчөлөрүн куттуктады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайыке, иш-чарага спортсмен-байге ээлери, Кыргыз Республикасынын самбо федерациясынын өкүлдөрү Алмаз Жапаркулов, Азиз Ибраев, Нурлан Токоноев, Дайырбек Карыяев, Султан Алыкулов жана Абдумалик кызы Самара катышты.

Жогорку Кенештин Төрагасы өзүнүн куттуктоо сөзүндө 14 медалга ээ болуп, самбо боюнча улуттук курама команданын балбандары татыктуу натыйжага жетишкендерин, муну менен курама командабыз дагы бир жолу дүйнөнүн эң мыкты беш командасынын катарына киргендигин белгиледи

«Пандемияга жана башка кыйынчылыктарга карабастан, сиздер талбай машыгып, эмгектенип, бардык тоскоолдуктарды жеңип өттүңүздөр жана эң сонун натыйжаларга жетиштиңиздер», - деди Талант Мамытов.

Төрага бул жаңы жетишкендиктердин башталышы экендигине, өлкөбүздүн желеги дагы башка көп мелдештерде сыймык менен желбирээрине үмүттөнөөрүн билдирди.

Өз кезегинде Талант Мамытовго эркектер арасындагы спорт самбосу боюнча «А.Харлампиевдин Мемориалы» Дүйнөлүк кубогунда командалык зачетто жеңип алынган кубокту белекке беришти.

Жолугушуунун соңунда Төрага мелдеште жогорку натыйжаларга жетишкен спортсмендерге, машыктыруучуларга жана самбо боюнча федерациянын жетекчилигине КР Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасын жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости