www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Коррупцияга күрөш катуу болуп жүрүп жатат. Буга байланыштуу бир-эки күндө билдирүү жасайбыз», - дейт айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев.

«Мен кызматка келээр замат эле министрликтеги кадрдык өзгөрүүлөрдөн баштадым. Дагы деле ички териштирүүлөр жүрүп жатат. Министрликте бир да кызматкер коррупцияга аралаша албайт.

Бул нерселердин алдын алуу максатында атайын жарандардар ортосунда атайын байланыш номурун ишке киргизгенбиз. Ал жакка жарандар кандайдыр бир коррупциялык иштерди байкап калса, же туура эмес иштерге күбө болсо, биз менен байланыша алат.

Белгилеп кетчү жагдай, бизге абдан көп маалымат келип түштү. Ал маселе боюнча иликтөө жүргүзүп, тиешелүү чаралар көрүлөт. Буга байланыштуу жакында айыл чарба министрлигинде аябай чоң өзгөрүү болот. Ал ошол кадр маселесине тиешелүү.

Жакында дагы бир аябай чоң кадрдык өзгөрүү болот, анын ким экенин айтпай эле коеюн.  Ал жаңылыкты ЖМКлар аркылуу биле аласыздар», - дейт ал.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости