www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын жаңы администрациясы ишин Дональд Трамптын өлкөнүн түштүк чек арасында мигранттарга каршы киргизген чектөөлөрүн алуу менен баштайт. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын жаңы шайланган башчысы Жо Байден билдиргенин РИА новости жазып чыкты.
"Өлкөнүн түштүк тарабындагы чек арада Трамптын администрациясы түзүп кеткен катастрофалык абалды жөнгө салуу үчүн кандай кадамдарга барышыбыз керектигин айтышты. Биз Трамптын чектөөлөрүн алыш үчүн биринчи күндөн тарта жоопкерчиликтүү, максаттуу иштеп баштайбыз", — деди Байден.
Анын айтымында, пандемия шартында кризис жаратпастан АКШдан баш паанек издеп жаткандарга жумуш табуу үчүн мүмкүнчүлүк түзүп берүү зарыл.
Эске салсак, Трамптын администрациясы өлкөгө кирүү үчүн эрежени татаалдаштырып салган. Ошондой эле АКШнын аймагына мыйзамсыз киргендердин агымын азайтуу үчүн Мексика менен чектешкен жердин бир топ бөлүгүнө дубал орнотуп коюшкан.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg