www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кече күнү көрдүм журналист бир талапкер аялга партияңардын негизги платмормасы, программасы кандай деп суроо берсе, такалып кызарып айталбай койду. Бул тууралуу «Легендарлуу» парламенттин депутаты Тилектеш Ишемкулов NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

- Шайлоого даярдыктар боюнча сиздин көз карашыңыз кандай?

- Абдан туура көз караштамын. Тилекке каршы талаш-тартыштар, пикир алмашуулар начар жүрүп жатат.

Кече күнү көрдүм журналист бир талапкер аялга партияңардын негизги платмормасы, программасы кандай деп суроо берсе, такалып кызарып айталбай койду.

Мына ушундай учурлар көп болуп жатат. Бирок мурда иштеп жүргөн интелектуалдык деңгээли жогору, билими жетиштүү талапкелер бири-бирине берген суроолорго туура жооп берип жатат.

Кемчиликтерин айтып, анча-мынча ийгиликтерин айтып, алдыга шилтеген кадамдарын мүнөздөшүп алар жакшы кетүүдө. Бирок баарыбир аларды алмаштырып, ар кандай багыт бергенибиз менен баягы эле өзүбүздүн ит адатыбызды карматып жатабыз.

Байыркы ата-бабаларыбыз туура айткан “көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салыбы” деп. Мына ошол сыңары ушул күнгө чейин эле 100гө жакын мыйзам бузууулар болду. Биздин мамлекет башчыбыз урматтуу Садыр Нургожоевич “шайлоону таза, тунук жана жалпы эл түшүнгөндөй деңгээлде бийик талап менен өткөрөбүз” деп улам-улам чыгып сүйлөп жатат.

Бирок ошого карабастан, эч кандай уруксаты жок үгүт иштерин жүргүзүп, саясий технологияларды колдонуп, кара пиярды аралаштырып, такталбаган материялдарды берип элдин башын айландыра турган ар кандай көз караштар болуп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости