www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- 1-декабрдан баштап «тергөө менен кызматташуу» деген жобо алынат экен. Мындай мыйзамга президент кол койду. Коррупция менен күрөшүүдө бул жакшы натыйжа береби?

- Билгени-билбегени деле «коррупция менен күрөшөбүз» дешет. Ошол эле укук коргоо органдары, тергөөчүлөр кайсы жерде майлуусүттүү жана атактуу иш болсо, ошол жакка жүгүрүшөт. Бир эле ушул тармакта эмес, башка бардык жерде ушул көрүнүш.

Маселен, окумуштуулар кандидаттыгын жактаса айлыгына 25 пайыз, доктор наамына ээ болгондор 100 пайыз кошумча айлык алышат экен. Кыргызстандагы окумуштуулардын саны ушунчалык көп, керек болсо Россия менен теңелип баратат.

Ал эми «тергөө менен кызматташуу» деген норманы Жогорку Кеңештин кызыкдар депутаттары кабыл алган. Анткени биздин парламентти «бизнесмендердин клубу» деп аташчу. Депутаттардын сотто жооп бербей, кандай гана кылмыш болбосун аны чечип коюунун бир жолу болгон.

Алар эмнеге тараптардын келишимине жараша жоопко тартылбай кала турган ыкманы ойлоп табышкан? Эсиңизде болсо, бир нече жыл мурун бир депутаттын баласы 4 баланы тебелеп өлтүрүп кеткен, бирок ушул келишим менен бошоп кетти.

Мындан башка учурда деле жашы жете элек кыздарды зордуктагандар, киши өлтүргөндөр жоопкерчилик тартпай келишкен. Демек, бул жоопкерчиликтен баш тартуу каналы болгон. Ошондуктан «тергөө менен кызматташууну» алып салууга президент өтө кызыкдар болгон.

- Негизи «тергөө менен кызматташуу» беренеси кимдер үчүн иштеп келген?

- Тергөө менен кызматташканы үчүн акчасы барлардын эч кимиси түрмөгө түшпөй калды. Бандиттер, баңгизат, курал саткандар, киши өлтүргөндөр, зордукчулар, уурулар дагы түшпөйт. Бул норма Кыргыз мамлекетинин укук теңдигин жана жоопкерчилигин такыр жокко чыгарып салган.

Өзгөчө акыркы убакта коррупцияга шектелип кармалган чиновниктерге колдонулган «кустуруу» саясаты көптөгөн суроолорду жаратууда. Анткени чуулгандуу коррупциялык иштерди уюштургандар «тергөө менен кызматташуу» деген механизмди колдонуп, айып пул төлөө менен кутулуп чыгып кетишти. Ошондуктан аны жокко чыгаруу туура кадам.

«Мен 100 миллион берейин, сиз мага тийбеңиз» деген сөз болуп жатат да. Мунун бардыгы мамлекетке зыян, аброюна шек келтирип, мыйзамдын иштебегенине далил болуп жатат. Ушул себептен тергөөнү прокуратурага берип жатат.

Себеби, президент ИИМ, каржы полициясы, бажы кызматы УКМКнын тергөө башкармалыктарынан күмөн санап калды. «Өтө оор кылмыштарды тергөөнү башкы прокуратурага берсе майнап чыгабы...» деген аракет.

Эми болгону тергөөнү так алып бара турган кадрларды табыш керек. Бүгүнкү күндө бул тармактан таза кызматкер табуу – жомок. Ушул күнгө чейин таза кадрларды көргөн эмесмин.

Анткени, өтө дасыккан, билимдүү, ишбилги адамдар пара алганга барбайт. Алар кесиптин кадыр-баркын билишет.

Булак: Азия News гезити

Последние новости