www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад шаарында КРнын жергиликтүү кеңештерге шайлоону уюштуруу маселелерин чечүүдө жана материалдык-техникалык каражаттар менен камсыз кылууда шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча шаардык штаб өттү. Бул тууралуу облус өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Жыйынга шаар мэри Эрнисбек Ормоков, вице-мэрлер, калаадагы мекеме-ишканалардын жетекчилери жана 25 аймактык шайлоо тилкелеринин төрага, төрайымдары катышты.
Алгач мэр шаардагы 25 аймактык шайлоо тилкелерине жооптуу катары бекитилген төрага, төрайымдардан шайлоого даярдыгы, андагы жылытуу системалары тууралуу маалыматтарды сурады.
Шаар башчысы Эрнисбек Ормоков шайлоону таза өткөрүү, керектүү техникалар менен камсыздоо, байкоочуларга бирдей шарттарды жаратуу, добуштарды сатып алууга жол бербөө, коомдук коопсуздукту сактоо, жарандардын укугу менен эркиндигин камсыздоо, ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү, санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталуусу боюнча баардык талаптарды аткарууга чакырды.
Мындан сырткары мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин үгүт иштерине аралашпоосун дагы бирет эскертти.
Учурда Жалал-Абад шаарында 25 шайлоо тилкеси бар.
Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо ушул жылдын 28-ноябрында өтөт.
Булак: NazarNews.kg