www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Активист Мелис Аспеков СИЗО-1 абагынан Улуттук кардиология жана терапия борборуна жеткирилди. Бул тууралуу «АКИpress» агенттигине аталган борбордун директору Акпай Сарыбаев билдирди.
Анын айтымында, Аспеков жандандыруу бөлүмүнө келип түшкөн.
«Бардык керектүү медициналык жардамды көрсөттүк. Абалы салыштырмалуу туруктуу. Палатага котордук», - деди Сарыбаев.
Аспеков 10-августта дагы СИЗО-1 абагынан Улуттук кардиология жана терапия борборуна жеткирилген. Ал жактан жүрөк кан тамырларында көйгөй бар экени аныкталган жана жүрөгүнө операция жасоо сунушталган. Операция «Бикард» клиникасында жасалган.
38 жаштагы М.Аспеков «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар опузалоого айыпталууда.
Булак: NazarNews.kg