www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Катаал карантиндик чектөөлөр коюлган өлкөлөрдөгү кыргызстандыктар добуш бере алат. Бул тууралуу Президенттик шайлоону жана референдумду уюштуруу жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров билдирди.

Мадмаров катаал карантиндик чектөө киргизилген Улуу Британия өлкөсүндө кыргызстандыктар президенттик шайлоо жана референдумда добуш бере аларын белгилейт.

"Биз Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кыргызстандыктар КР элчилиги жана консулдугуна барып добуш берүүсүнө уруксат ала алдык", - дейт ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда президенттик шайлоо жана референдум 10-январда өтөт.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости