www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандык фигурист, Олимп оюундарынын жеңүүчүсү Денис Тендин өлүмү боюнча соттолгон Жанар Толыбаева бошотулду. Бул тууралуу Tengrinews.kz сайты жазган.

Белгилүү болгондой, 2019-жылдын январь айында соттолгон Жанар Толыбаевага Кылмыш-жаза кодексинин 73-беренесинин негизинде соттун өкүмү өтөлгөн жерде жазанын өтөлө элек бөлүгүн жеңилирээк жазага алмаштыруу өтүнүчүн келтирген.

"Алматы облусунун Илийский райондук сотунун 2020-жылдын 6-январындагы чечими менен бул өтүнүч канааттандырылды. Жазаны өтөөнү көзөмөлдөө пробация кызматына жүктөлдү", - деп билдиришти департаменттен.

Ошондой эле каза болгон жаш спортчун Денис Тендин энеси Оксана Тендин дагы сот актыларын кайра карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылганы белгиленди. Бирок, Жогорку Сот андан баш тарткан.

Белгилей кетсек, Жанар Толыбаева Денис Тендин өлүмүнө катышкан. 2019-жылдын январь айында сот аны 434-берене "Кылмыш жөнүндө кабар бербөө" боюнча күнөөлүү деп таап, төрт жылга орто коопсуздук мекемесинде эркинен ажыраткан. Ошол эле жылы март айында Алматыдагы колонияда аял көз жарган.

Төрөттөн бир жума өткөндөн кийин, апелляциялык кеңеш аны эң төмөнкү коопсуздук мекемесине которгон.

Кылмыш ишине катышкан негизги адамдар Арман Кудайбергенов менен Нуралы Кыясов 18 жылга эркинен ажыратылган. Кудайбергенов Казакстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 188-беренеси "Уурулук", 99-беренеси "Киши өлтүрүү" жана 192-беренеси "Каракчылык” боюнча соттолгон. Кыясов "Киши өлтүрүү" жана "Каракчылык" беренелери боюнча эркиндигинен ажыратылган.

Эскерте кетсек, Денис Тен 2018-жылы 19-июлда Алматы шаарынан анын авто унаасын тоноого аракет кылгандар менен болгон жаңжалдын натыйжасында 25 жашында каза болгон.

Денис Тендин унаасын тоноого аракет кылган кылмышкерлердин бири кармаш учурунда спортчуну далыга бычак менен эки жолу сайып жиберген. Алган жаракатынан улам ал эсине келе албай каза болгон.

Жаш спортчу менен коштошууга миңдеген Казакстандыктар келип, көз жашын төгүп, акыркы сапарга узатышкан.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости