www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ДССУнун эксперттери Кытайга кире албай коюшту

Кытай коронавирустун келип чыгышын иликтөөнү көздөгөн Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун адистерин өз аймагына киргизген жок. Эл аралык уюмдун эки эксперти виза боюнча маселеден улам өлкөгө кире алган эмес. Алар 2019-жылдын аягында биринчи болуп коронавирус катталган Ухань шаарына барышмак.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси Тедрос Гебреисус расмий Бээжиндин бул чечимине капаланганын айтып чыкты. Ал эки адис сапарга чыгып алганына карабай өлкөгө кирбей калганына нааразылыгын билдирди.

Ал эми Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун өзгөчө кырдаалдар боюнча жетекчиси Майкл Райан адистер визадагы маселелерден улам кирбей калганын айтып чыкты. Кытайдын Тышкы иштер министрлиги 6-январда эксперттик топтун келиши боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатканын билдирген.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму бир нече айдан бери өз адистерин Кытайга жөнөтүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүп келген. Алар Уханда вирус айбанаттан кантип адамга жукканын изилдемек.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости