www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР Тышкы иштер министрлиги жана Украинадагы элчилиги Кыргызстандын жарандарын Украинадан Венгрия (Будапешт-Стамбул-Бишкек) жана Румыния аркылуу транзиттик эвакуациялоо маселесин иштеп чыгышты.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Венгри аркылуу эвакуациялоо үчүн төмөнкү шарттар аткарылышы керек:

- Кыргызстандын жарандары Украинанын аймагында мыйзамдуу түрдө болууга жана алар тиешелүү документтерге ээ болууга тийиш;

- КР жарандарында Венгриянын аймагы аркылуу Кыргызстанга транзиттик өтүүсүн тастыктаган жол жүрүү документтери (авиа билеттери) болушу керек.

КР жарандары уюшкан түрдө өз каражаттарынын эсебинен “Чоп” көзөмөл-өткөрүү пунктуна чыгарылат, андан кийин Венгриянын аймагынан аэропортко чейин Кыргызстандын Венгриядагы элчилигинин коштоосунда өткөрүлөт.

Бул мүмкүнчүлүктөн пайдалануу үчүн Кыргызстандын жарандары кийинки рейс менен Венгриянын аймагы аркылуу транзиттик жүрүүнү ырастаган авиа билеттерди алдын ала сатып алышы керек.

Мындан тышкары, Румыния аркылуу эвакуациялоо үчүн төмөнкү шарттар аткарылууга тийиш:

- КР жарандары Румыниянын Черновцы шаарындагы (Школьная көчөсү, 16, тел. +380372545434) башкы консулдугунан транзиттик виза алышы керек, же viza.mae.ro шилтемеси аркылуу электрондук виза толтуруусу керек;

- Жанында ПЧР тести же эмдөө тууралуу сертификаты болуусу шарт.

Эвакуация тизмесине киргизүү боюнча суроолор боюнча КР Украинадагы элчилигинин консулу Эрмек Каныбековго +380997573413, +380442370347 телефондору аркылуу кайрылыңыздар.

КР ТИМи Украинанын шаарларында жалпысынан туруксуз жана кооптуу кырдаал байкалып жатканын, ошондуктан Украинанын аймагында убактылуу же туруктуу жүргөн КРнын жарандарына, эгерде алардын коопсуз жашаган жери болсо, абал турукташканга чейин алардын жашаган жерлеринде калууну сунуштайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости