www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Time журналы Джо Байденди

Америка Кошмо Штаттарынын президенти жана вице-президенти болуп шайланган Джо Байден менен Камала Харрис Time журналы тарабынан "Жылдын адамы-2020" деп табылды.

Байденден тышкары, басылманын мурда жарыяланган кыска тизмесине учурдагы президент Дональд Трамп, АКШнын башкы инфекциялык адиси Энтони Фаучи, ошондой эле афроамерикалык Джордж Флойдду полиция камакка алуу учурунда АКШда Миннеаполисте каза болгондон кийин башталган Расалык Адилет Кыймылы менен кошо медициналык кызматкерлер жана Расалык Акыйкат Кыймылы кирген.

Жаңы наам ээлерин басылманын Твиттерине жарыяланган атайын видеотасмасында ырчы Брюс Спрингстин тааныштырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости