www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлкөбүздүн бүтүндүгүн бузуп кирип келгендер Рахмондун жалданма баш кесерлери. Анткени, жалданма жапайылардын гана ынтымагы жок, бири-бирин угушпайт, баш аламан болушуп акыры кырылышат. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда, NazarNews маалымат агенттигине Тимур Саралаев билдирди.
«Соңку күндөрдүн окуялары ар тараптуу иликтөөлөрдү жана терең анализдөөлөрдү талап кылышы албетте талашсыз, ага бир аз убакыт керек. Ал эми азыркы маалда болуп жаткан көрүнүштөр чоң суроолор катары оркоюп чыгып турат.
Өлкөбүздүн бүтүндүгүн бузуп кирип келгендер кимдер, таджик аскери, же Рахмондун жалданма баш кесерлериби?! Менимче, жалданмалар, анткени ошолор гана гумандуулукту түшүнбөйт, кабыл албайт, жалданмалар гана мыкаачылык, террорчулук, каракчылык кылышат. Жалданма жапайылардын гана ынтымагы жок, бири-бирин угушпайт, баш аламан болушуп акыры кырылышат. Аларга салыштырмалуу биздин жоокерлер тартип менен согушуп, өз мекенин коргошту.
Бирок кимиси болбосун, аскериби, же Рахмондун аскенрлериби, Кыргызстанды талкалоо жана басып алалы деген эле максаттары болгон анык, дүйнө коомчулугу деле аны көрүп турат. Кандай гана болбосун, аскердик техникаларды бекемдеп албаганда мындан да ары басып кирип кетмек экен.
Мисалы үчүн, мурун алган «Байрактар» ишке жараганы талашсыз, душмандын 2 «Град» системасын ж.б., талкалап салганын көрүнүп турат. Аларда «беспилотниктер» жок болгону да, биздин жоокерлерге жардам берди. Буга чейин аздыр-көптүр техниканы бекемдеген үчүн коргонуп калдык, бирок муну менен токтобош керек, мындан да көп техника алуу маселеси мамлекет-эл үчүн биринчи маселе болуш керек, орустар айткандай – «Хочешь мира – готовься к войне».
Тилекке каршы, бизде 59 адам каза болду, тажиктерде 300дон ашык адам кырылыптыр деген расмий эмес маалымат келди. Диктатордук мамлекетте албетте жоготуулар жашырылып-айтылбайт. Алар биринчи кол салып, көп чыгымга учурап, алыска (50 чакырым) атуучу техникасы, бронитехникалары, танктары талкаланды. Элибиздин күчү ынтымакта экени дагы бир ирээт тастыкталды», - деди ал.
Булак: NazarNews.kg