www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстандын жоокерлери жетекчилеринин ок атууну токтотуу боюнча буйругун укпай жатты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жана жеке өзү Дүйшөмбүдөгү кесиптештери менен бир катар сүйлөшүү өткөргөнүн айтат.
“Мен Тажикстандын Коопсуздук кеңешинин катчысына эки жолу чалып, ок атууну токтотууну талап кылгам. Алар ок атууну токтотуу боюнча буйрук берилгенин ишендиришти. Ага карабай, жеринде аткылоо күчөп, өздөрүнүн жетекчилеринин буйругун укпай жатты. Бизден дагы суранышкандан кийин биз дагы аткылоону токтотконбуз. Кыргыз чек арачылар жооп катары гана ок чыгарышты, бул зарыл болгон гана чара. Биздикилер жарандык инфратүзүмгө, жергиликтүү калкка бир дагы ок аткан эмес. Тажик тарап каалаган тарапка ок чыгарып, кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметри боюнча аткылашкан”, - дейт Иманкулов.
Булак: NazarNews.kg