www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык жаранга Түндүк Кипрде жасалган кол салуудан кийин анын абалы туруктуу оор бойдон калууда.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, кыз мезгил-мезгили менен эсине келип, дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланууда. Анын жакын тууганы Кипрге барып, учурда жанында болуп, керектүү колдоо көрсөтүп жатат.

Кыргызстандын элчилиги жабыркаган жарандын жакындары, дарыгерлер жана кыргыз диаспорасы менен тыгыз байланышта.

Кол салган адам да эсине келген. Ага карата тергөө жүрүп, бөгөт коюу чарасы чечилүүдө.

Эске салсак, 3-августта Кыргызстандын жараны Түндүк Кипрде кол салууга кабылып, бычактан оор жаракат алган. Мындан кийин КР ТИМи окуяны көзөмөлгө алган.

Последние новости