www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Татарстандын Нижнекамск шаарындагы украиналык дрон чабуулунан каза болгон Өзбекстандын 8 жаранынын сөөгү 12-августта атайын каттам менен мекенине жеткирилди.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин тапшырмасы менен өкмөттүк комиссия түзүлүп, окуяны иликтөө жана жабыркагандарга жардам көрсөтүү иштери жүргүзүлүүдө. Орусиядагы өзбек дипломаттары окуя болгон жерге барып, жабыркагандар менен жолугушту.

10-августтагы чабуулда жалпысынан 13 адам, анын ичинде 5 жаштагы бала каза болгон. Каза болгондордун арасында курулушта иштеген 8 өзбекстандык жана 1 тажикстандык жаран бар. Бир нече өзбек жарандары жаракат алып, ооруканага жаткырылган. Сөөктөрдү мекенине жеткирүү жана үй-бүлөлөрүнө жардам берүү маселеси Орусия менен биргеликте көзөмөлдөнүүдө.

Последние новости