www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 17-январда NazarNews.kg сайтында Чүй облусундагы Токмок шаарынын айланасында жайгашкан “Азия” май куюучу жайынын тегерегин Казакстандын аскерлери темир тор менен тартып жаткандыгы тууралуу видео материал жарык көргөн. Ал боюнча Кыргызстандын чек ара кызматы Токмок шаарынын айланасындагы айланма жолго жаңы жол белгилери орнотулуп жаткандыгын маалымдашты.

Анда транзиттик аймакка казак тарап тикенек зымдарды орнотуп жаткандыгы айтылып, Казакстанга караштуу “Азия” жана “Достык” май куюучу жайларына кирүү жабылгандыгы кошумчаланат. Ошол эле маалда транзиттик жолдун өзү ачык бойдон кала тургандыгы маалымдалды.   

Чек ара кызматы транзиттик аймактагы жол эрежени сактоого чакырат.

Эске салсак, социалдык тармактарда Токмок шаарына жакын жайгашкан “Азия” май куйуучу жайынын тегерегин казак аскерлери тикенек зымдар менен курчап жаткан видео тарап, ал коомдо кызуу талкууга алынган.   

Булак: NazarNews.kg

Последние новости