www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Австралиянын Квинсленд, Виктория, Жаңы Түштүк Уэльс штаттарында  “кылымдын жамгыры” жаады. Мындай чагылган жана катуу шамал менен коштолгон нөшөрлөгөн жаан жүз жылда бир ирет жаайт. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Мындай катуу жамгырдан улам суу ташкындары келип чыгып, жолдор жабылып, адамдар кайыкта сүзүп жүрүшүүдө. Синоптиктердин маалыматы боюнча жогорудагыдай аба ырайы жакынкы күндөрү күтүлөт.

в австралии ливни сурамы боюнча табылган сүрөттөр"

Аталган аба ырайы адистер экономикага зыян алып келгенин айтышууда.

Ошону менен бирге Жаңы Уэльс жана Виктория штаттарынан алыс эмес жерде өрт токтогон жок. Жааган катуу жамгырдан өрттүн токтошуна кандайдыр бир деңгээлде үмүт болгону менен толук токтото албайт деп адистер айтып чыгышты.

 Эске сала кетсек,  андагы өрттөн улам 30га чукул киши каза таап, эки миңге жакын үйлөр кыйрап, бир миллиарддан ашык жаныбарлар өлгөн.

Тилсиз жоо 8 миллион гектарды каптагандыгы маалымадалды.

 

Булак:NazarNews.kg

Последние новости