www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-январда, Афганистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мохаммад Исса Месбахты дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу, анын ичинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуунун азыркы абалы жана келечеги тууралуу пикир алмашуу болду.

Акыркы жылдардагы эки тараптуу кызматташуунун оң динамикасын, ошондой эле Афганистандын Президенти Мохаммад Ашраф Ганинин Кыргыз Республикасына 2019-жылдын июнь айында ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги жыйынына катышуунун алкагында жасаган ийгиликтүү иш сапарын жана 2019-жылдын апрелиндеги Афганистандын тышкы иштер министри Салахуддин Раббанинин биринчи расмий визитин канааттануу менен белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков Мохаммад Исса Месбахка бекем ден соолук, бакубаттуулук жана ишмердүүлүгүндө мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости