www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Марал радиосунда маек берип жатып, кайрадан сөзүнөн жаңылды. Анда журналист «гомосексуализм» сөзүн айта албай, “Гомосеку…сексуалю… гомес” деп мукактанган сөзүнө басым жасап, коомчулуктун талкуусуна жем болгон жаңылыштыгын жана ошол абалдан кантип чыккандыгын тууралуу суроо узаткан.
Анда, эл өкүлү мультфильмдеги каармандын атын туура эмес айтып, кайрадан эл оозуна алынды.
Чынын айтсам ошол убакта деле ага эч кандай маани берген эмесмин. Жанагы “Мауглиде” бар го “Аттила (мультфильмдеги чыныгы каармандын аты Акела) чалынып калды же жыгылып калды” деп шакалдар кыйкырып жүрө берет го, ошондой эле кабыл алдым. Себеби, мен уяттуу нерсе кылган жокмун да, же бир жерде мас болуп, же аянтка жылаңач чыгып алсам, уялсам болот эле”, – деп жооп берди депутат.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабековда «Франкруут-на-Майяне», «Макка кайтарган жокпуз» же «Лапша илип, кулакка теппегиле» деген таттуу сөздөрү менен коомчулуктун эсинде.
Булак:NazarNews.kg