www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргы-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” пунктунда чек арачылар спирт ичимдигин мыйзамсыз Кыргыстанга киргизүүгө аракет кылган адам кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-январда Казакстандан “Ак-Тилек” пунктуна Volvo жүк унаасы келген. Анын рулун 29 жаштагы кыргыз жараны Б.А. башкарып турган. Унааны текшерүү учурунда чек арачыларды айдоочу шек жараткан.

“Унааны текшерүү учурунда чек арачылар чет элден чыккан документи жок спирт ичимдигин табышты. Тиешелүү документтер түзүлгөндөн кийин айдоочу менен жүк Кыргыз Республикасынын Өкөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди”,-деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости